Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Укук коргоочу Токтонасыров Бакиевди өткөрүп берүүнү талап кылууда


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Беларустун Бишкектеги элчилигинин алдында өзү жалгыз нааразылык акция өткөрүп жатат. Укук коргоочу мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү талап кылып, Беларус президенти Александр Лукашенконун сүрөтүн өрттөөрүн “Азаттыкка” билдирди.

“Мен майнап чыкмайынча акция өткөрө берем. Мындан ары радикалдуу кадамдарга барам. Ушундай жол менен Бакиевди экстрадициялоо маселеси мүмкүн болор. Интерпол иштеп жатат, башкы прокурор Аида Салянова кат жөнөттү деген менен майнап чыкпай жатат. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эмне унчукпайт? Керек болсо экс-президент Роза Отунбаеваны да сотко чакырыш керек”, - деди Токтонасыров.

Февралда Бишкек гарнизонунун Аскер соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге жана анын бир тууганы, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, Курманбек Бакиев сыртынан 24 жылга, иниси Жаныш Бакиев өмүрү өткөнчө эркинен ажырады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG