Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Өкмөт электр энергиясына тарифти көтөрбөйт


Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Коргоо кеңешинин жыйынында билдирди. Сатыбалдиев өкмөт баа саясаты боюнча стратегияны иштеп жатканын, бирок бул жылы бааны көтөрүү планы жок экенин кошумчалады. Ушул эле жыйында “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев энерго компаниялардын жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү демилгесин көтөрдү. Ал ушул жол жемкорлукка каршы күрөшүүгө өбөлгө болот деп эсептейт.

Буга чейин акционердик коомдордун жетекчилери мыйзам бузса, 3 жыл жазага тартылчу. Текебаевдин айтымында, азыр алардын макамы мыйзамдык негизде мамлекеттик кызматкерге теңелип, кызмат ордун кыянаттык менен пайдалангандарга 8 жылга чейин жаза каралган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG