Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Сирия оппозициясы өткөөл өкмөттүн башчысын шайлаганы жатат


Стамбулда Сирия оппозициянын эки күндүк жыйыны ачылды. Анын күн тартибинде президент Башар Асаддын режими көзөмөлдөбөгөн аймактарда өткөөл өкмөттү түзүү маселеси. Жыйынга ондогон өлкөлөр жана уюмдар Сирия элинин мыйзамдуу өкүлү деп тааныган Сирия улуттук кеңешинин мүчөлөрү да катышууда. Убактылуу өкмөттүн төрагалыгына 12 талапкер көрсөтүлүүдө. Алардын ичинде Сириянын мурдагы айыл чарба министри, ири бизнесмендер жана башкалар бар. Улуттар уюмунун эсебине караганда, эки жылдан берки калабада 70 миңден ашуун сириялык набыт болгон. 1 миллиондон ашык адам өлкөнү таштап кеткен жана 4 миллиондон ашуун адам Сириянын өзүндө бозгун болуп жүрөт.

XS
SM
MD
LG