Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Кытай курал экспорттоо боюнча Британияны басып өттү


Кытай курал-жарак сатуу боюнча Британияны басып өттү жана дүйнөдөгү бешинчи чоң курал экспорттоочуга айланды. Стокгольмдо жайгашкан Эл аралык кризистик топтун маалымдашынча, Кытайдын эң ири кардары Пакистан саналат жана Кытай экспорттогон куралдардын 55 процентин сатып алат. Кытай курал-жарак сатууну 2008-2012-жылдары алдыңкы беш жылга салыштырганда 162 процентке көбөйткөн. Докладда АКШ дүйнөлүк базардын каруу-жаракка болгон талабын 30 процентке, Орусия 26 процентке, Германия 6 процентке, Франция 6 процентке жана Кытай 5 процентке канааттандырганы айтылат. Дүйнөдө куралды эң көп Азиянын беш өлкөсү импорттойт. Алар: Индия, Кытай, Пакистан, Түштүк Корея, Сингапур.

XS
SM
MD
LG