Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Йемен: Саясий күчтөр улуттук диалогду баштады


Йемендин саясий күчтөрү жаңы Конституцияны түзүү жана 2014-жылы жалпы элдик шайлоо өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Улуттар уюмунун колдоосу менен өтүп жаткан улуттук диалог алты айга созулат деп болжолдонууда. Бирок Санадагы сүйлөшүүгө Йемендин түштүгүндөгү жикчил топтор бойкот жарыялап, келишкен жок. Алардын миңдеген тарапкерлери жекшемби күнү демонстрацияга чыгышып, Тарим шаарында полиция менен кагылышта бир адам набыт болгону маалымдалды. Улуттук диалог 2011-жылкы элдик көтөрүлүштөн кийин Али Абдулла Салехти президенттиктен кетирүү боюнча жетишилген келишимге ылайык өтүүдө. Былтыркы шайлоодо вице-президент Абд Раббу Мансур Хади жеңген.

XS
SM
MD
LG