Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

Обама Иранды өзөктүк куралданууда ийги келүүгө чакырды


АКШ президенти Барак Обама Иран бийликтерин өзөктүк программа боюнча эл аралык коомчулук менен мамилени жөндөө үчүн тезинен чечкиндүү кадамдарга барууга чакырды. Бул тууралуу Обама Ноорузга карата жолдогон куттуктоосунда билдирди. Анда “Ирандын өкмөтү үчүн өзөктүк куралдануунун айласындагы талашты жараткан маселелерди чечүү үчүн маанилүү чечим алууга мезгил жетти”, - деди АКШ президенти. Эгер Иран мындай кадамга барса, бул өлкөнүн эли АКШ баштаган бир катар өлкөлөр менен соода жана башка тармактарда алакалардын артыкчылыгын сезе баштаарын Обама убада кылды.

Барак Обама ушул аптанын аягында Израил жана Иорданияга расмий сапар менен барат. Андагы сүйлөшүүлөрдүн алдыңкы сабында Ирандын өзөктүк программасы тураары айтылууда.

XS
SM
MD
LG