Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Камактагы күрт лидери ок атууну токтотууга чакырат


Күрт козголоңчуларынын камактагы лидери Абдулла Өжалан 28 жылдан бери уланып келаткан куралдуу кармашты Ноорузга карата токтотууга чакыраарын билдирди. Мындай катты Өжаландан алганын күрт депутаты Селахаттин Демирташ айтып чыкты. Катта Өжалан жакында бир адамдын өмүрү кыйылбагындай тарыхый чакырык жасаары тууралуу айтылат. Эгер күрттөрдүн абактагы лидеринин чакырыгы ишке ашса, миңдеген күрт козголоңчулары куралдарын кайтарып берип, күрөштү токтотушу керек болот.

Расмий Анкара тыюу салынган Күрт жумушчулар партиясынын (ПКК) лидери Абдулла Өжаландын менен сүйлөшүүлөрдү өткөн жылы баштаган. Жакында Өжаландын кийлигишүүсүнүн арты менен Ирактын түндүгүндө эки жылдан бери туткунда кармалып жаткан түркиялык бир нече аскер бошотулган болчу.

Тыюу салынган Күрт жумушчулар партиясы Түркиянын түштүк-чыгышында Күрт автономиясына жетүү үчүн куралдуу күрөш баштаган 1982-жылдан берки кагылыштарда 30 миңден ашуун адам өлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG