Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Бишкекте франкофония жумалыгы өтөт


Иш-чара 25-марттан 31-мартка чейин созулат. Бул күндөрү француз тилдүү өлкөлөрдүн француз маданияты жана тилине арналган фестиваль бүткүл дүйнөдө өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, Бишкектеги жумалык 25-мартта “Октябрь” кинотеатрында белгилүү “Кол тийбестер” тасмасын француз тилинде көрсөтүү менен башталат.

Жумалыктын алкагында жаңы француз ырларынын сынагы, театр сынагы, француз виносунун кечеси өткөрүлүп, француз тасмалары коюлат. 29-март күнү швейцариялык TAFTA рок тобунун концерти өтөт. (JAk)

XS
SM
MD
LG