Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Барактын 30дай тургуну Ош облакимиатынын алдына митинг өткөрүштү


Чогулгандар дээрлик бир айдан бери Барак эксклавына өтө албай жатканын айтышты. Барак айылынын башчысы Бурканбек Ашыров алардын маселесин райондук жана облустук бийликтер чече албай жатканына нааразы болду. "Ары -бери өткөн адамдарды Өзбекстандын чек арачылары өткөрбөйт. Себебин айтышпайт. Өзүбүздүн "Ак-Таш" бекети аркылуу да, "Достук" өткөрмө бекети аркылуу да өткөрбөй жатат. Кызыл-Кыя аркылуу өтүп келгиле дешти. Ал бизден абдан алыс. Бул жактагылардын баарынын туруктуу жата турган, жашай турган жайлары да жок", - деди Ашыров.

Барактын тургуну Шааркан Мырзаева күйүүчү-майлоочу майлардын жоктугунан жазгы талаа иштери ушул күнгө чейин башталбай жатканын билдирди.

Барактыктар аларды айылына өткөрүү маселесин тез арада чечип берүүнү, же утурумдук жашап туруучу жай таап берүүнү Ош облустук администрациясынан талап кылышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн аларга азырынча эч ким чыга элек.

Мурда барактыктар Кыргызстанга "Бирлешкен" жана "Акташ" чек ара бекеттери аркылуу катташчу. Бекет январдын башында Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылып калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG