Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:05

Өзгөндө 700дөн ашык кожолук жер көчкүнүн камоосунда турат


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы "Азаттыкка" билдирди. "Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагында 2013-жылдын 12-марты күнү түнкү саат 11 чамасында Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 21-чакырымында (Гер-Таш участкасында) көлөмү 700 миң м³ болгон жер көчкү жылып, жолду тосуп калган. Азыркы учурда жер көчкү Шор-Суу суусунун нугуна жеткен, бирок суу өз нугунда агууда. Жер көчкү ылай аралаш жана суюк болгондуктан тазалоо иштери баштала элек. Аталган участокто кар эрибегендиктен айланма жол салууга мүмкүнчүлүк жок",-деп айтылат билдирүүдө.

Аталган жол Транспорт жана байланыш министрлигинин жолдорду эксплуатациялоочу №956 мекемесинин карамагында турат. Айылдарда баары болуп болжол менен 717 кожолук бар. Айылдык аймак тарабынан 13-март күнү маяк коюлуп, күзөт уюштурулду. Коюлган маяктан бүгүнкү күнгө жер көчкүнүн жылуусу болгон жок. Райондун борбору менен унаа байланышы үзүлгөн Түз-Бел, Үч-Капчал жана Ак-Терек айылдарына 2013-жылдын 15-марты күнү райондон медициналык топ (акушер, терапевт) дары-дармектери менен жөнөтүлүп, Түз-Бел айылында күзөткө коюлду. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG