Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

"Талибан" Пакистан бийлиги менен тынчтык сүйлөшүүсүнөн баш тартты


Пакистанда талиптер өкмөт менен сүйлөшүү тууралуу сунушунан баш тартышкандыгын бышыктады. Дүйшөмбү күнкү видео билдирүүсүндө Пакистандын "Техрик-е Талибан" уюмунун маалымат катчысы буга чейинки сүйлөшүүдөн кийин өкмөт өзүнө алган убадаларды аткарууга чын дилден аракет көрбөгөнүн билдирди. Сүйлөшүү эми качан уланаары белгисиз.

Талиптердин жетекчилиги былтыр жыл соңунда тынчтык сүйлөшүүсүнө катыша баштагандан бери жылыш көп деле болгон жок. "Талибандын" маалымат катчысы Эхсанулла Эхсан ошондой эле добуш берүүчүлөрдү алдыдагы парламенттик шайлоону бойкоттоого чакырды. Шайлоо май айына белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG