Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Пакистан: бийлик партиясы "Талибанды" сындады


Пакистандын "Авами" улуттук партиясынын сенатору бул партия алдыдагы шайлоого толук катышып, талиптердин коркутуусунан бүшүркөп калбай тургандыгын билдирди. Мунун алдында талиптер өкмөт менен сүйлөшүү тууралуу сунушунан баш тартышкандыгын жарыялашкан. Дүйшөмбү күнкү видео билдирүүсүндө "Техрик-е Талибан" уюмунун маалымат катчысы буга чейинки сүйлөшүүдөн кийин өкмөт өзүнө алган убадаларды аткарууга чын дилден аракет көрбөгөнүн билдирген. Сүйлөшүү эми качан уланаары белгисиз. Талиптердин жетекчилиги тынчтык сүйлөшүүсүнө былтыр жыл соңунда катыша баштагандан бери көп жылыш болгон жок. "Талибандын" маалымат катчысы Эхсанулла Эхсан ошондой эле длобуш берүүчүлөрдү алдыдагы парламенттик шайлоону бойкоттоого чакырган. Шайлоо май айына белгиленген.
XS
SM
MD
LG