Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Минск: Европарламенттин өкүлү оппозиция менен жолугат


Европа парламентинин делегациясынын Беларус боюнча атайын өкүлү бүгүн Минскиде оппозициячыл партиялардын жетекчилери менен жолугушууда. Беларустун баш калаасына кечээ келген Юстас Палескис ошондой эле өкмөт өкүлдөрү менен кездешкени жатат. Мунун алдында Палескис Европа биримдиги менен Беларустун ортосундагы алакалар тууралуу жалпы отчет даярдап жаткандыгын "Азаттыкка" билдирген. Европалык өкүл Минскиге төрт күнгө келди. Адам укуктарынын абалына, оппозициячыл активисттердин камакка алынышына жана шайлоолордун акыйкатсыздыгына байланыштуу Европа парламенти буга чейин Беларуска бир катар жазаналарды киргизген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG