Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Санжар Бакиев бүгүн жаза мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу эркиндикке чыгат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Санжар Бакиев 2010-жылдан тарта тергөө абагында кармалгандыктан, анда өткөрүлгөн бир күн эки күн катары эсептелген.
Санжар Бакиев 2010-жылдын май айында Жалал-Абадда башаламандык уюштурган, бийлик өкүлдөрүнө карата курал колдонгон деген айыптар менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок кийин облустук соттун бул өкүмүн Жогорку Сот жокко чыгарып, аны 5 жылга кескен. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жусупбек Бакиевдин уулу.(BkA)