Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Ирак согушу эскерилди


АКШ башындагы коалициялык күчтөр Иракка басып киришинин 10 жылдыгына карата президент Барак Обама бул согушта курман болгондорду эскерди. Шейшембидеги билдирүүсүндө Обама согушта набыт болгондор Ирак эли үчүн өзү келечегин өзү курууга жол ачып берди деди. Ошондой эле Ирак согушунда набыт болгон 4500гө жакын америкалык аскерди эскерген АКШ президенти алар унутулбай турганын айтты. Мындай эскерүүнүн алдында баш калаа Багдадда машиналар жардырылып, атышуулар болду. Ирак полициясы билдиргендей, аз дегенде 50 кишинин өмүрү кыйылып, 150дөн ашыгы жарадар болду.

Мындан он жыл мурун, 2003-жылы 20-мартта АКШ башындагы коалициялык күчтөр Иракка басып кирген. Анда АКШ Иракка согуш ачуунун негизги жүйөсү катары Саддам Хусейндин массалык кыргын салчу куралдарды жайылтпоо жөнүндө БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузганы айтылган. Ирактагы куралдуу калабада 134 миңден 150 миңге чейин карапайым адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG