Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Египетте Муаммар Каддафинин аталаш иниси кармалды


Египеттин коопсуздук күчтөрү Ливиянын мурдагы диктатору Муаммар Каддафинин аталаш иниси жана жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Ахмед Каддаф ал-Дамды кармады. Ал Каирдеги өз үйүндө полицияга карышылык көрсөтүп, ок атып, акырында өзү колго түшүп берген. Каддафинин бийлиги кулатылганга чейин Ахмед Каддаф Ливиянын Каирдеги атайын өкүлү болуп турган. Ал Ливияда көтөрүлүш башталгандан тарта эле Каирде жашырынып жүргөн. Ал-Дамды Интерпол жасалма документ жасоо, алдамчылык, мыйзамсыз акчаны адалдоо деген айыптар боюнча эл аралык издөөгө жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG