Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Санжар Бакиев бүгүн абактан чыкпайт


Санжар Бакиев
Санжар Бакиев
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Санжар Бакиев бүгүн жаза мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу эркиндикке чыкмак. Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, Бакиев бүгүн абактан бошотулган жок. Аталган кызматтын өкүлү Бакиевдин абакта калган себебин сурап, Башкы прокуратурага кайрылууну сунуштаганы менен, прокуратуранын маалымат кызматы бул ишке мекеменин тиешеси жоктугун кабарлады.

Маалыматка ылайык, Санжар Бакиев 2010-жылдан тарта тергөө абагында кармалгандыктан, анда өткөрүлгөн бир күн эки күн катары эсептелген.

Санжар Бакиев 2010-жылдын май айында Жалал-Абадда башаламандык уюштурган, бийлик өкүлдөрүнө курал колдонгон деген айыптар менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок кийин облустук соттун бул өкүмүн Жогорку Сот жокко чыгарып, аны 5 жылга кескен. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жусупбек Бакиевдин уулу. (BkA)

XS
SM
MD
LG