Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Ошто мектеп окуучусун зордуктаган адам кармалды


Ош шаарындагы мектептердин биринде 7-класста окуган кызды зордуктоого шектелген такси айдоочусу кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын кабарлашты. Окуя 19-март күнү кечки саат 5тер чамасында болгон. Маалыматка ылайык, “Опель-Астра” үлгүсүндөгү машиненин ээси секелек кызды үйүнө жеткирем деп алдап, шаар четине алып барып зордуктаган. Кыздын жакындарынын арызынын негизинде кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 24 жаштагы Х.О. аттуу жараны кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG