Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:29

Үрүмчүлүк кыргыздар Ноорузду майрамдашууда


Бүгүн үрүмчүлүк кыргыздар Ноорузду майрамдашууда. Үрүмүчүлүк блоггер Бектур Илиястын "Азатыкка" кабарлашынча, Жаздын келишине арналган салтанаттарды «Шинжаң эл басмасынын» кыргыз бөлүмү уюштурган. Мындай жөрөлгө Үрүмчүдө ондон ашуун жылдан бери жалгашып, аны ар жылы ар кайсы мекемелер, жеке ишкерлер кезектешип уюштуруп келе жатат. 2012-жылы Норруз майрамына арналган салтанаттарды "Шинжаң кыргыз адабияты" журналынын редакциясынын кызматкерлери уюштурган. 2010-жылкы эл катоо боюнча, Кытайда 187 миң кыргыз жашайт. Кыргыздар Кытай өкмөтү ырасмий таанылган өлкөдөгү 56 элдин бири.(AU)

XS
SM
MD
LG