Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Кыргызстанга АКШнын Iluminate бий тобу келет


Бул бий тобу АКШнын Мамлекеттик департаменти каржылаган “Маданий элчилер” программасынын алкагында 22-29-мартта Кыргызстанга келе турганын аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Бийчилер Бишкекте жана Караколдо студенттер, бийчилер менен жолугуп, мастер-класстарды өткөрүп, инновациянын, технологиянын жана заманбап бийди камтыган өнөрлөрүнүн тартуулашат.

Iluminate тобунун бийчилери америкалык бийчи жана инженер-программист Мирал Котб тарабынан негизделген жана анын бийчилери, хореографтары, инженерлери, техниктери, стилисттери жана көркөм жетекчилери зымсыз жарык эффектилер колдонулган укмуштуу бий программаларын тартуулайт. Бул бий тобу түзүлгөн 2009-жылдан бери анын өзгөчө технологиясын Грэмми сыйлыктарынын ээлери Крис Браун, Кристина Агилера, Black Eyed Peas, Дэвид Гетта сыяктуу жылдыздар колдонуп келүүдө. Мындан сырткары "Америка таланттарды издейт" (финалист катары), “Жылдыздар менен бийлөө” жана “Х фактор” сыяктуу телесынактары менен American Music Awards жана MTV Video Music Awards сыйлыктарын тапшыруу аземдерине катышкан. (JAk)

XS
SM
MD
LG