Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Бүгүн - Нооруз майрамы


Бүгүн Борбор Азия мамлекеттери менен кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашууда. Ноорузга карата Бишкектеги Ала-Тоо аянтында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда майрамдык иш-чара өтөт. Андан соң Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филорманияда концерт уюштурулат.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, Нооруз майрамынын тарыхы биздин заманга чейинки 6-7-кылымдарга барат. Нооруз сөзү фарс тилинин “нов” – жаңы, “рузи” – күн (жыл) деген сөздөрүнөн келип, “жаңы күн” деген маанини берет.

Жаздын келишин, жаратылыштын жанданышын символ кылган бул майрамда кыргыздар сүмөлөк, көжө сыяктуу эзелтен келаткан тамак-аштарды жасап, “аластоо” сыяктуу жөрөлгөлөрдү өткөрүшөт. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG