Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

“Жди меня” – “Издейм сени” долбоору башталды


ВИD телекомпаниясы, эл аралык «МИР” радиосу жана “Азаттык” мультимедиалык мекемеси биргелешкен ушул аталыштагы долбоор Кыргызстандан сыртка чыгып кетип, дайын-дареги табылбай калган мекендештерибизди издеп табуу максатын көздөйт. Аталган маалымат каражаттарынын сайттарында жана радиоберүүлөрүндө жакындарын издеген адамдардын кайрылуулары дайыны табылбай жаткандардын сүрөттөрү менен кошо жарыяланып турат.

Марафондун өзү апрель айында «МИР - Бишкек» радиостанциясында (87,5 FM жыштыгы), “Азаттык” радиосунда (104,1 FM жыштыгы) өткөрүлүп, “Азаттык. Kg” сайтында кыргызча жана орусча жарыяланат.

Мындан сырткары ВИD, «Мир» жана “Азаттык” компанияларынын телетоптору да жок издегендерди, табылгандар болсо аларды тартып көрсөтүшөт. “Жди меня” – “Издейм сени” долбооруна Бишкек мэриясы, Кыргызстандын жана Орусиянын күч түзүмдөрү да катышмакчы. (SJ)

XS
SM
MD
LG