Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Нооруз майрамы - Ошто


Нооруз иш-чаралары Оштун борбордук аянтында, шаардык ат майданында жана аймактык кеңештерде өттү. Борбордук аянтка майрамдык концерт көргөнү он миңдей эл чогулду. Аянттагы майрам эки саатка созулду. Калган коомдук жайларда майрамдык сейилдер уланып, көк самса, көк чүчпара сыяктуу жаз тамактары сатылып жатат.
20-марттан 21-мартка караган түнү шаардык мэрия Кадыр түн уюштуруп, ал эртең мененки майрамдык салтанатка уланып кетти. Түнү менен бышырылган сүмөлөк элге таратылды.
Салтанатка өкмөт башчы Сатыбалды Жээнбеков жана жергиликтүү бийликтин жетекчилери катышты. Майрамга карата улуттар аралык ынтымакка чакырган ураандар илинип, жетекчилер достукту бекемдөөгө чакырышты. Ошол эле учурда концертте ар улуттун ыр-күүлөрү угулган жок.Облус борборунда Ноорузду белгилөө үчүн шаар мэриясынын бюджетинен 500 миң сомдой каражат коротулган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG