Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Бүгүн Кипр президенти “В” планын сунуштайт


Кипрдин лидерлери бүгүн өлкөнү финансылык кудуретсиздиктен сактоонун альтернативдүү планын талкуулашат. Шейшемби күнү Кипр парламенти финансылык апааттан сактануу үчүн аманатчылардын банктагы депозиттеринен салык алуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун бекитпей койгон. Мыйзам кабыл алынса, Евробиримдик жана Эл аралык валюта фонду 10 млрд. евро кезексиз кредит бермек. Президент Никос Анастасиадис эми саясый лидерлерге “В” планын сунуш кылат. Кабарларга караганда, жаңы планда пенсия фондусун улутташтыруу жана депозиттерден мурда сунушталгандан аз салык алуу каралган. Кипрдин финансы министри Орусиядан насыя алуу үчүн эки күндөн бери Москвада жүрөт. Кипрдин банктарында орусиялык жеке адамдардын жана корпорациялардын 31 млрд. доллары бар. Кипрге эл аралык уюмдардан кезексиз кредит алуу үчүн өзү 6 млрд. евро табышы абзел.

XS
SM
MD
LG