Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

Кыргызстандык футболчулар Тажикстандын командасын жеңди


Бүгүн Бишкектеги борбордук стадиондо Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн футболдук мелдеште Кыргызстандын курама командасы Тажикстандын курама командасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Кыргызстан үчүн жеңиш алып келген жалгыз голду оюндун биринчи таймынын 41- мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Дэвид Тетте атаандаш тараптын дарбазасына киргизди. Мындай жыйынтык менен Кыргызстандын курама командасы өз тобунан биринчи болуп Азия футбол Конфедерациясынын чакырык кубогу үчүн мелдештин финалына жолдомо алышты. Ал мелдеш келээрки жылы Мальдив аралдарында өтөт. 17-мартта Бишкекте башталган Азия футбол Конфедерациясынын чакырык кубогу үчүн мелдештин В тобундагы тандап алуу оюндарында кыргызстандык футболчулар Макаонун жана Пакистандын командаларын 1:0 эсебинде уткан. Эки голду тең теги ганалык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган Дэвид Тетте киргизген болчу. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG