Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Сирияда кай тарап химиялык курал колдонгонун БУУ текшерет


Апта башында Сирияда химиялык куралдар колдонулду деген каңшаарды Улуттар уюму иликтейт. Бул жөнүндө БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун 21-мартта Нью-Йоркто маалымдады: “Мен жарыя кылам: Сирияда химиялык куралдардын колдонуу мүмкүнчүлүгү изилденсин деп чечтим”.

Шаршемби күнү Сирия өкмөтү Пан Ги Мунга кайрылып, 19-мартта Алеппо шаарына жакын жердеги чабуулда козголоңчулар химиялык курал колдонду деген имиш-имишти териштирүүнү сураган. Президент Асаддын режимине каршы күрөшкөн адаватчылар тескерисинче, өкмөттүк күчтөрдү химиялык курал колдонду деп күнөөлөшкөн. Пан Ги Мун иликтөөнүн жүрүшүндө бардык тараптардын кызматткашканы маанилүү деп, инспекторлор каалаган жайына тоскоолдуксуз өткөрүлүшү керек экенин да баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG