Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Орусиядан 15 миң тонна буудай келет


Бүгүндөн тарта Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары убада кылган 20 миң тонна буудайдын экинчи партиясы ташылып келе баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өткөн жылы декабрда Орусия Кыргызстанга 20 миң тонна буудайды акысыз жардам катары берүүгө макул болгон. Бул буудайдын 5 миң тоннасы өткөн жылдын декабр айында ташылып келген. Эми калган 15 миң тоннасы бүгүнтөн баштап 11-апрелге чейин ташылып бүтөт.

Муну менен катар Кыргызcтан быйыл Орусиядан 80 миң тонна буудайды келишимдик баага ылайык сатып алат.(BkA)

XS
SM
MD
LG