Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

Бишкекте жоголгон өзбекстандык качкын табылбай жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жубайы Барно Гайбердиева кабарлады. Гайбердиеванын айтымында, 2008-жылдан бери качкын макамы менен Бишкекте жашап жүргөн өзбекстандык Шухрат Мусин 18-февралда үйүнөн чыккан бойдон кабарсыз. Күйөөсүнүн жоголгонуна байланыштуу Гайбердиева Бишкектин Свердлов райондук милициясына кайрылып, издөө жарыялаган. Бирок андан бери да Мусиндин дайыны чыкпай жатат.

29 жаштагы Шухрат Мусин Өзбекстандын Анжиян облусунан болот. Гайбердиеванын айтымында, 2005-жылдагы Анжиян окуяларынан соң анын жолдошу мекенинде "Өзбекстандын ислам кыймылы" деп аталган тыюу салынган уюмдун мүчөсү деген айып менен куугунтукка кабылып, 2007-жылы Кыргызстанга качып келген. Андан соң кыргыз бийлигине жана БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарына кайрылып, качкын макамын алган. 2011-жылы Өзбекстан Мусинди өткөрүп берүүнү өтүнүп, Кыргызстанга кайрылган, бирок Башкы прокуратура бул өтүнүчтү канааттандырган эмес. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG