Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Обама Израилди мунасага чакырды


АКШнын президенти Барак Обама Израил үчүн компромисске баруу гана бул мамлекетте тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылаарын билдирди. Бейшембиде Иерусалимдеги университетте сүйлөгөн сөзүндө Обама Израилдин Жакынкы Чыгышта демократиялык өлкө катары өнүгүшү үчүн көз карандысыз Палестинаны таанышы жана кызматташуусу керек деп белгиледи. Анын айтымында, палестин калкынын өз тагдырын өзү аныктоо үчүн укугу таанылышы зарыл. Андан мурдаарак АКШ президенти Батыш Иордандын Рамалла шаарында Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен жолугуп, Палестинанын төбөлсүз мамлекет болушун колдоорун билдирген.

XS
SM
MD
LG