Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

БУУ окуучуларга ысык тамак берүүнү жакшыртууга көмөктөшөт


Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы кыргыз өкмөтүнө орто мектептерде кенже класс окуучуларына ысык тамак берүүнү жакшыртууга каралашат. Бул үчүн 10 миллион доллар бөлүнүп жатканын аталган эл аралык уюмдун өкүлү Майкл Хагинс бүгүн Бишкектеги жыйында билдирди. Ага ылайык, атайын программа иштелип чыгат жана пилоттук долбоор катары элет жериндеги 250 мектептеги 25 миңдей кенже класстын окуучулары тартылат.

Талкууда Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүм башчысы Абдыманап Муратов ысык тамак берүү токтотулбай турганын айтты.

Кыргызстанда 1-4-класстын окуучуларынын саны 78 миңден ашат. Тоолуу райондордо балдар күнүнө 10 сомдук, ал эми башка аймактарда 7 сомдук бир маал ысык тамак ичет. (EBM)

XS
SM
MD
LG