Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Жалал-Абад: 24-мартка белгиленген оппозиция курултайына өкүлдөр келе баштады


Облуска бүгүн түштөн кийин "Эгемен Кыргызстан" партиясынын төрагасы Бектур Асанов келди. "Эл үнү" кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров жана башка жоон топ өкүлдөрдүн жолдо келатканы белгилүү болду. Облустагы акцияларды уюштуруу комитетинин төрагасы Медер Үсөновдун азыр билдиришинче, жекшембиде болчу курултайга Кыргызстанды сактоо кыймылынын төрагасы Мукар Чолпонбаев жана башка бир катар таанымал саясатчылар катышаарын билдиришкен. Эртеңден тарта курултай өтчү " Телтору" ат майданына боз үйлөр тигилет.

Оппозициянын курултайы 2005-2010-жылдары болгон окуяларга жана азыркы бийликке баа берип, Кумтөр маселесин талуууламакчы. Облустун айрым тургундары
кыргыз саясатчылары кызмат тийбей калса эле, мамлекеттин коопсуздугу
менен иши жок, чаң-тополоң, ызы-чуу менен күн өткөрүшөөрүн айтышууда. (YA)

XS
SM
MD
LG