Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Ереванда куралчан бир киши парламентке кирүүгө аракеттенди


Армениядан түшкөн кабарларга караганда, бычак менен куралданган жергиликтүү бир киши Еревандагы парламент имаратына кирүүгө аракеттенген жеринен коопсуздук кызматкерлери тарабынан жараланды. Алдын ала тергөө жүрүп жатканын айткан полиция бүгүнкү инцидент тууралуу кошумча маалымат берүүдөн баш тартты. Жарадар болгон кишинин абалы жана окуяга эмне түрткү болгону жөнүндө да маалымат жок.

1999-жылдын октябр айында куралчан адамдардын тобу Улуттук ассамблеянын имаратына кирип барып, өкмөт башчы Вазген Саркисян, спикер Карен Демирчян, 5 жогорку расмий адамды жана бир журналистти өлтүрүп кетишкен.

XS
SM
MD
LG