Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Израиль менен Түркия дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирет


Израилдин премьер-министри Түркия менен дипломатиялык мамилелер жакшырганын билдирди. Өкмөт башчынын кеңсесинен маалымдашкандай, Беньямин Нетаньяху түрк премьер-министр Режеп Таип Эрдоганга телефон чалып, израилдик аскерлердин 2010-жылкы рейди маалында түрк активисттеринин өлүмүнө байланыштуу кечирим сурады. АКШ президенти Барак Обама Израилден кетээрдин алдында аны бул телефон сүйлөшүүсүнө ынандырганы кабарланууда. Нетаньяхунун кеңсеси тараткан билдирүүдө курман болгондордун жакындарына компенсация төлөө жөнүндө макулдашууга жетишилгени айтылат.

2010-жылы бир нече кемеден турган кербен Израилдин камоосунда калган Газа тилкесине бараткан жеринен аскерлер чабуул коюшканда түркиялык 9 активист мерт кеткен. Окуядан кийин Түркия Тел-Авивдеги элчисин чакыртып, аскердик тармактагы кызматташтыкты токтотуп койгон. Жума күнү Нетаньяху адамдардын өлүмүнө айрым “аскердик каталар” алып келгенин айткан.

XS
SM
MD
LG