Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Окуучулардын республикалык олимпиадасы башталды


Бүгүн Бишкекте кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттик шаарчасында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы башталды. Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, ага өлкөнүн бардык аймагынан мелдештерде алдыңкы орундарды алган 300дөн ашык окуучу катышууда. Олимпиада математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили боюнча өткөрүлүүдө. Билим таймашы 25-мартта жыйынтыкталат. (EBM)

XS
SM
MD
LG