Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Кипр эл аралык банктардан акча издөөдө


Кипр жетекчилигинин эл аралык финансылык уюмдардан насыя алуу боюнча сүйлөшүүсү аяктады. Никосия шаарындагы сүйлөшүүгө экинчи жактан Эл аралык валюта кору, Европа борбордук банкы жана Еврокомиссиянын өкүлдөрү катышты. Анын жыйынтыгы жөнүндө: “Үчиликтин деңгээлиндеги сүйлөшүүдө олуттуу жылыш бар. Эми алар Еврогруппага өз бүтүмүн айтышат. Талкуу учурунда кошумча иликтөөнү талап кылган айрым суроолор пайда болду”, - деп билдирди Кипрдин тышкы иштер министри Михалис Саррис.

Сүйлөшүүдөгү негизги тема арал-мамлекеттеги эң чоң Кипр банкында аманатчылар сактаган акчадан бир жолу салык алуу маселеси болду. Сарристин айтышынча, Кипр парламенти депозиттерден салык алуу маселесин чукул арада карай баштайт.

XS
SM
MD
LG