Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Ватикандын Папаларынын тарыхый кездешүүсү болду


Рим-католик чиркөөсүнүн жаңы шайланган адыйы Франциск өзүнөн мурдакы Папа Бенедикт XVI менен Римдин ныптасындагы Папанын резиденциясында кездешти. Бул рим-катлоик чиркөөсүнүн тарыхындагы Ватикандын башчыларынын биринчи кездешүүсү. Франциск Кастель-Гандольфо деген жайдагы резиденцияга тикучар менен учуп келип түшкөндө, аны өткөн айдан бери резиденцияда жашап жаткан мурдакы Папа кучак жайып тосуп алды. Ватикан 76 жаштагы аргентиналык Папа менен 86 жаштагы германиялык мурдакы Папа купуя сүйлөшкөнүн айтып, ал боюнча эч кандай кошумча маалымат бербеди. Ден соолугуна шылтап, папалыктан кеткен Бенедикт акыркы 600 жылда тирүүсүндө Ватикандын башчылыгын өз ыктыяры менен калтырган алгачкы Папа болду. Франциск Папа катары шейшемби күнү такка отурган.

XS
SM
MD
LG