Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Жалал-Абадда оппозициянын курултайы башталды


Уюштуруучулар ага 5 миңдей адам чогулганын, ал эми көз карандысыз байкоочулар үч миңге жакын киши чогулганын айтууда. Облустук милициянын башчысы Малик Нурдинов 4 миңдей киши келгенин "Азаттыккка" маалымдады.

Биринчилерден болуп “Эл үнү” оппзициялык кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров сүйлөдү. Анда сот жана конституциялык реформалар аягына чыкпай калды деп сындады. Парламенттик система иштебей калды, бийликтин бир колго топтолушу башталды деп айыптады. Бекназаров депутаттардын камакка алынышын саясий куугунтук деп баалады, ошондой эле курултай соңунда резолюция кабыл алынарын билдирди. (YA/EBM)

XS
SM
MD
LG