Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Мушарраф саясый күрөштү улантуу үчүн Пакистанга келди


Пакистандын экс-президенти Первез Мушарраф бүгүн Карачи шаарына келди. Аны Бардык Пакистан мусулман лигасынын бир нече көрүнүктүү адамдары коштоп жүрөт. Мушаррафты Карачинин эл аралык аэропортунда тарапкерлери байрактарды булгап жана аны колдогон ураандарды чакырып, тосуп алышты. Ал быйыл 11-майда болчу парламенттик шайлоого партиясын даярдай баштаары айтылууда. Ишемби күнү талибдер эгер Мушарраф өлкөгө келсе, өлтүрүлөт деп эскертишкен. Мушарраф бийликти 1999-жылкы кансыз төңкөрүштүн натыйжасында басып алган. Аны сот 2007-жылы мурдакы премьер-министр Беназир Бхуттону өлтүргөн жана башка кылмыштарды жасаган деп жоопко тартышы мүмкүн. Мушарраф 2008-жылы катуу кысым астында президенттиктен кеткен соң, өз ыктыяры менен Лондонго жана Дубайга чыгып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG