Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

АКШ Мамкатчысы Багдадга күтүүсүз визит менен келди


Жон Керрини коштоп жүргөн ырасмий адамдардын кабарчыларга айтышынча, Мамкатчы Ирактын премьер-министри Нури ал-Маликини жана башка өкмөт мүчөлөрүн Сириядагы чатакты токтотууда тыкыс кызматташууга үндөө үчүн жана Сирия өкмөтүнө курал-жарак ташыган Ирандын учактарын Ирактын аба мейкиндигинен өткөрбөөнү сураганы келди. Тегеран учактар сириялыктарга гумжардам гана ташыганын айтууда. Керри ошондой эле Иракта демократиялык реформаларды жүргүзүүнү да сүйлөшөт. Бул Жон Керринин Мамкатчы катары Иракка жасаган алгачкы сапары.

Кечээ АКШ президенти Барак Обаманын Израил, Палестин автономиясы жана Иорданиядагы сапары аяктады. Обаманы кошотоп жүргөн Керри Багдадга Аммандан учуп келди.

XS
SM
MD
LG