Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Сириянын Улуттук коалициясы төрагасыз калды


Сирия оппозициясынын Батыш колдогон Улуттук коалициясынын төрагасы Ахмед Муаз ал-Хатиб өз ыктыяры менен лидерликтен кеткенин жарыя кылды. Ал-Хатиб каалагандай эркин иштөө үчүн коалиция төрагалыгынан баш тартканды оң тапканын Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн бетинде билдирди. Ал-Хатибдин жардамчысы бул маалыматты тастыктады. Апта башында оппозициянын Стамбулда өткөн жыйынында сириялык козголоңчулардын “утурумдук өкмөтүнүн” башчысы болуп, Сириянын ынкылапчыл жана оппозициячыл күчтөрүнүн улуттук коалициясынын жетекчилеринин бири Хасан Хитто шайланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG