Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

Бишкекте Франкофония жумалыгы башталат


Жумалык бүгүндөн тарта 31-мартка чейин уланат. Иш-чараны Франциянын Кыргызстандагы элчилиги менен Швейцариянын консулдугу уюштуруп жатат. Франкофония жумалыгы – француз тилдүү мамлекеттердин маданиятын жана тилин даңазалоо, тааныштыруу максатын көздөйт. Кыргызстанда мындай жумалык бир канча жылдан бери март айында уюштурулуп, француз тилин жана маданиятын жайылтуу максатында бир апта бою француз тилиндеги тасмалар, концерттер, сүрөт көргөзмөлөрү өткөрүлүп, мектеп окуучулары жана студенттер үчүн ар түрдүү сынактар уюштурулат. Уюштуруучулардын айтымында, Бишкектеги жумалык бүгүн “Октябрь” кинотеатрында белгилүү “Кол тийбестер” тасмасын француз тилинде көрсөтүү менен башталат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG