Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:48

Ош, Баткен аймактарында жер силкинди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ түнкү саат ондор чамасында Ош жана Баткен облустарынын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын очогу облустагы Кара-Шоро айылынан түштүк-батышты көздөй 10 чакырым, Баткен облусундагы Айдаркен шаарчасынан түштүк-чыгыш тарапка 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Силкинүүнүн күчү Кара-Шоро айылында 3 баллга, Айдаркен шаарчасында 2 баллга жетти. Кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген учурлар катталган жок. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG