Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Ооганстанга жүк ташыган айдоочулардын митинги уланууда


Бишкектин Сыдыгалиев көчөсүндө жайгашкан бажы терминалынын алдына Ооганстанга жүк ташыган отуз чамалуу айдоочу кайрадан нааразылык акциясына чыкты. Айдоочулар күздөн бери Ооганстанга аткаминерлер көзөмөлдөгөн фирмалар жүк ташый баштаганын, натыйжада карапайым шопурлар ишсиз калганын айтышууда.

Буга чейин Ооганстанга жүк ташыган “Айдоочу” коомдук бирикмеси ортомчу фирмаларга арызданып, өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдогон. Маалыматка караганда, бул коомдук бирикменин жүздөн ашык унаасы АКШнын “Манас” аба майданындагы транзиттик борборунан Ооганстанга жүк ташыйт. Айдоочулар 20-мартта иш таштаган болчу. (AKu/KKs)

XS
SM
MD
LG