Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Ошто электр жарыгы кайрадан үнөмдөлө баштайт


22-апрелге чейин Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Алай райондорунда электр энергиясына чектөө киргизилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ош электр” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мындай чарага «Узловая» подстанциясындагы оңдоп-түзөө иштери себеп болууда. Ишкананын маалыматы боюнча, эгер күн жылып, электр энергиясы аз колдонула баштаса, чектөөлөр да азайышы мүмкүн.

“Узловая” подстанциясындагы оңдоо иштерин кытайлык ТВЕА компаниясы жүргүзүүдө. Декабрь айында да ушундай чектөөлөр киргизилип, Оштогу журналисттердин нааразылык акциясынан соң өчүрүүлөр азайган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG