Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Ысык-Көлдө шайлоодо мыйзам бузгандарга сот өкүмү чыкты


Ысык-Көл райондук соту Кара-Ой айылдык шайлоо бекетинин төрагасы менен катчысын бир жана эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустагы аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Узарбек Жылкычиев билдирди. Маалыматка ылайык, 25-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Кара-Ой айылында башка жарандардын ордуна добуш берүү фактысы катталган. Натыйжада участкадагы шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылып, жергиликтүү прокуратура кылмыш ишин козгогон болчу. (MK/KKs)

XS
SM
MD
LG