Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Искандаров: Кыргыз-казак чегин демаркациялоо быйыл аяктайт


Өкмөт Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын демаркациялоону же чекке тиешелүү белгилерди орнотуу ишин быйыл бүткөрүүнү көздөөдө. Бул тууралуу өкмөттүн Чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тиешелүү белгилер орнотулуп, чек ара тосулгандан кийин демаркациялоо тууралуу соңку келишимге кол коюлат.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы 1241 чакырымды түзөт. Чек араны делимитациялоо же тактоо 2008-жылы аяктаган. Учурда эки өлкө ортосунда чек ара белгилери орнотулуп бүтө элек саналуу участоктор бар. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG