Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Жалал-Абаддын Барпы айылында митинг өткөн жок


Жалал-Абад облусунун Барпы айылында “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарын колдоп, бүгүн уюштуруулаары айтылган митинг өткөн жок. Бул тууралуу депутаттарды коргоо комитетинин мүчөсү Шайыр Ташиев билдирди. Анын айтымында, митингге келгендердин таркатылышына Ташиевдин “сот чечими чыкканга дейре нааразылык акцияларын токтотуу" өтүнүчү себеп болду.

“Ата-Журттун” депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов баштаган жети адам өткөн жылдын 3-октябрындагы Ак үй алдындагы митингден кийин бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Аларга карата сот өкүмү 29-мартта чыгаары кабарланган. (YA/KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG