Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Парламентте журналист менен депутаттын чыры каралат


Бүгүн Жогорку Кеңештин регламент жана этика боюнча комитетинде Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу менен “Общественный рейтинг” гезитинин журналисти Эрик Исраиловдун ортосундагы чыр боюнча маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Февраль айынын башында журналист Эрик Исраилов депутат Бакир уулу иш бөлмөсүндө ага кол көтөргөнүн айтып чыккан. Анын айтымында, депутат мындай кадамга социалдык тармактын бириндеги талкуу учурунда кайым айтышууга чычалоодон улам барган.

Ал эми Турсунбай Бакир уулу журналисттин дооматын четке кагууда. Депутат жаран катары пикирин билдирүүгө укугу бардыгын, Исраилов кыргыз элин кемсинткенин, ага кол көтөрбөгөнүн билдирип келет.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG