Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү өтөт


Ташкенде бүгүн кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги сүйлөшүүсү башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, эки күнгө созулчу сүйлөшүүнүн күн тартибин өзбек тарап сунуштады. Кыргыз тарап болсо Анжиян - Кемпир-Абад суу сактагычы жана Барак эксклавына жол ачуу маселелерин талкууга алып чыгууну көздөөдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялары январдын башындагы Чарбак-Сох жаңжалынан бери жолугуша элек болчу. Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы бир жарым миң чакырымдай чек ара сызыгынын 300 чакырымдайы талаштуу бойдон. (BkA)

XS
SM
MD
LG