Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Березовскийдин өлүмүнүн жаңы жагдайы жарыяланды


Британ полициясы өткөн ишембиде каза болгон орус олигархы Борис Березовскийдин сөөгүн ачып текшерүүнүн жыйынтыгында, анын муунуудан улам ажал тапканы белгилүү болгонун жарыялады. Ошол эле учурда текшерүүнү өткөргөн патолог-анатомдор маркумдун сөөгүндө күч колдонуп өлтүрүүнүн белгилери жоктугун билдиришүүдө. Бирок полиция Березовский өзү муунуп өлгөн деген маалыматты да тастыктай элек. Эми маркумдун сөөгү токсикологиялык экспертизадан өткөрүлүп, анын жыйынтыгы бир нече апта ичинде белгилүү болот.

Орусиялык миллиардер, учурдагы президент Владимир Путиндин каршылаштарынан бири 68 жаштагы Борис Березовскийдин сөөгү 23-мартта Лондондун четиндеги Аскот деген жайда өзү жашаган үйдүн ваннасынан табылган.

XS
SM
MD
LG